ЖК төрагалыгына Нурланбек Тургунбек уулунун талапкерлиги сунушталды
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынан түзүлгөн 5 депутаттык топ парламенттин төрагалыгына талапкер катары Нурланбек Тургунбек уулун сунушташты.
Буга чейин Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары 5 депутаттык топко биригишкен.
Алар:
«Мекенчил» тобу
«Элдик» тобу
«Ала-Тоо» тобу
«Адилет Кыргызстан» тобу
«Ата-Журт» тобу.
- «Ата-Журт» – жетекчиси депутат Нурланбек Азыгалиев;
- «Мекенчил» – жетекчиси депутат Кундузбек Сулайманов;
- «Элдик» – жетекчиси депутат Акылбек Түмөнбаев;
- «Адилет Кыргызстан» – жетекчиси депутат Нурбек Сыдыгалиев;
- «Ала-Тоо» – жетекчиси депутат Жанарбек Акаев.
17 Декабрь 2025 жыл 15:17