Азия оюндары: Аманбеков ушу-саньда боюнча коло медалга ээ болду 

Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Авазбек Аманбеков Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу 56 кг салмак категориясында беттешти.

Аманбеков Авазбек алгач непалдык спортчуну 2:0 эсебинде, чейрек финалда таиланддык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеш Аманбековдун филиппиндик спортчуга 2:0 жеңилүүсү менен аяктады.

28 Сентябрь 2023 жыл 10:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча