
Кыргызгидромет бир аптага, тагыраагы, 31-марттан 6-апрелге чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.
Жуманын башында негизинен күн ачык болот. Ал эми апта соңунда, тагыраагы, 5-6-апрелде айрым жерлерде жаан, тоолуу аймактарда ал карга айланышы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.
Бишкек жана Ош шаарында 5-апрелде күндүз ала булут каптайт. Ошто 6-апрелде жаан жаашы мүмкүн.
Аймакта апта соңуна чейин күн ачык болот. Ишембиде гана айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо түнкүсүн кар жаашы мүмкүн.
Жуманын башында жаан-чачын болбойт. 5-6-апрелде тоолуу аймактарда жаан, кар жаашы ыктымал.
Дүйшөмбүдө түнкүсүн жаан, тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал. Ал эми таңдан баштап күн ачылып, мындай аба ырайы ишембиге чейин кармалат. Аптанын акыркы эки күнү күндүн көзү бузулуп, жамгыр башталат.