Чүйдө арак ичкендердин бири, экинчисин бычактаган

Чүйдө ден соолукка атайылап залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-январда Жайыл РИИБге ооруканадан маалымат түшкөн. Анда бейтаптын бычактан жаракат алганы айтылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1965-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө Кара-Суу айылындагы сарайда экөө спирт ичимдигин ичип отурганы, саат 21:00 чамасында уруша кетишип, бири экинчисин ашкана бычагы менен көкүрөк тушка сайганы аныкталган. Тергөө уланууда.

17 Январь 2025 жыл 11:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча