Кыргызстанда балдарына алимент төлөбөй жүргөн аталардын саны 60 миң

Кыргызстанда ажырашып, бирок балдарына алимент төлөбөй жүргөндөрдүн саны 60 миңге чамалайт. Алардын ичинен 1400дөн ашуун кишиге алимент төлөбөгөндүгү үчүн издөө жарыяланган. Бул тууралуу Сот департаментинин адиси Азамат Курманбеков “Азаттыктын” “Эже-сиңдилер” көрсөтүүсүндө маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, алименттен карызы 300-400 миң сомго чыгып кеткендери дагы бар.

Ал эми сот департаментинин маалыматы боюнча, 59 миңден ашык иш ачык турат.

Белгилей кетсек, расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт.

29 Март 2025 жыл 17:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча