Кыргызстандын футбол курамасы Афганистанды жеңди 

Кыргызстан футбол курама командасы Афганистандын улуттук курама командасын 1:0 эсебинде жеңди.

Беттеш Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Оюндун негизги бөлүгү 0:0 эсебинде аяктады. Кошумча берилген убакыттын акыркы мүнөттөрүндө кыргызстандык чабуулчу Эрнист Батырканов атаандаштын дарбазасына гол киргизип, өзүнүн командасын алдыга алып чыкты.

Ошентип, оюн Кыргызстандын пайдасына 1:0 эсеби менен аяктады.

10 Июнь 2023 жыл 23:46

Тема боюнча