Мамлекеттик цирк эки айдын ичинде 20 млн. сомдон ашуун киреше тапты


Борбордогу Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки 40 жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өтүп, шарты түзүлгөндөн кийин бүгүнкү күндө келгендердин саны дагы өсүп, ага ылайык кирешеси көбөйүп, бир айда эле миллиондорду таба баштады.

Тагыраагы, бир жарым 2 айдын ичинде абдан жакшы көрсөткүч болуп, эсепке 20 миллион сомдон ашуун каражат түшкөн. Бул тууралуу кыргыз мамлекеттик цирктин директору Асланайым Аширова билдирди.

Мындан сырткары Аширова бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекеттик цирки капиталдык ремонттон кийин алгачкы жолу эл аралык деңгээлдеги программаларды кабыл алуу даярдыгын айтты.

Айтсак, азыркы учурда Москвадан артисттер келишип, кыргыз элине кызыктуу программаларды көрсөткөнү турат. Аширова алар дагы жаңыланган кыргыз циркинин көркү эми ачылыптыр деп таң калып жатышканын айтты.

28 Март 2025 жыл 21:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча