Министрлик Москва районундагы 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москва районундагы аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты.

Ведомстводон маалымдашкандай, кайрымдуулук баштыгы ыйык Рамазан айынын алдында «Менар» коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду. Азык-түлүк төрт жана андан ашык баласы бар, турмуштук оор кырдаалда турган 100 үй-бүлөгө таратылды

Эмгек министрлиги калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоо боюнча өз ишин улантып, жардамга муктаж болгондорго өзгөчө көңүл бурат.

Ошондой эле «Менар» фонду аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган демилгелерди байма-бай ишке ашырып, кайрымдуулук программаларына катышкандардын баарына ыраазычылыгын билдирет.

Долбоорлорду каржылоо Hasene фонду тарабынан жүргүзүлөт.

26 Февраль 2025 жыл 9:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча