
Алдын ала маалыматтар боюнча, Мьянмадагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2025-жылдын 28-мартында болгон жер титирөөгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Индиядагы жана Малайзиядагы элчиликтери Мьянманын жана Таиланддын мамлекеттик органдары, Россиянын жана Мьянманын Делидеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, Кыргызстандын Ардактуу консулу, ошондой эле Бангкоктогу Кыргызстандын Ардактуу консулу менен туруктуу байланышта.
Учурда жабыркаган КР жарандары тууралуу маалымат жок. Маалыматтар такталууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2025-жылдын 29-мартына карата каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.
Шашылыш байланыш үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкү ишеним телефондоруна кайрылуу сунушталат:
— Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилиги Мьянмада жашаган кыргызстандыктар үчүн: +919599921779 (WhatsApp).
-Таиландда жайгашкан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги: +919560118267 (WhatsApp).
“Кыргызстандын Индиядагы жана Малайзиядагы элчиликтери Мьянма жана Таиландда жайгашкан кыргызстандыктарды кооптуу аймактардан алыс болууга жана сактык чараларын көрүүгө чакырат”,-деп айтылат маалыматта.