Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун аймагындагы жолдорго мамлекеттик бюджеттин эсебинен асфальт төшөө иштери толук ылдамдыкта жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, Кара-Суу районундагы Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 14,5-чакырымынан 19,5-чакырымына чейин асфальт төшөлүүдө, жалпысынан бул жерде 5 чакырым жол оңдолот. Бүгүнкү күндө 2,3 чакырымында иштер бүткөрүлдү.
Кара-Кулжа районунда Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун жол куруу иштери кызуу жүрүп, бул жерге жалпысынан 7,2 чакырым асфальт төшөлөт.
Ошондой эле Ноокат районунда Ноокат-Араван унаа жолуна асфальт төшөө иштери аяктап жатат. Учурда оңдолуп жаткан 4 чакырым жолдун 3,2 чакырымы бүткөрүлдү.