Өспүрүм жөө өтмөктөн өтүп бараткан эки адамды сүзүп кеткен

Бишкекте 17 жаштагы өспүрүм жөө өтмөктөн өтүп бараткан эки адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Кырсык Лермонтов жана Салиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан мектептин жанында болгон. Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу эркек киши менен кичинекей баланы койдуруп кеткен.

Натыйжада 8 жаштагы К.А. аттуу бала ооруканага кайрылган.

Издөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө окуяга шектүү делип Ысык-Ата районунун тургуну 2006-жылы туулган Л.Н. кармалып, Тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Учурда экпертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

22 Сентябрь 2023 жыл 15:19

Тема боюнча