Таиланддагы жер титирөө: Асман тиреген үйлөрдөгү бассейндердеги суулар ашып, жерге төгүлгөн (видео)

Социалдык тармактарда Таиланддагы катуу жер титирөөдөн улам көп кабаттуу үйлөрдүн үстүндө жайгашкан бассейндеги суулар ашып, жерге төгүлгөн видеолор тарады.

Белгилей кетсек, 28-мартта АКШнын геологиялык кызматы Мьянманын борбордук бөлүгүндө күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болгонун билдирген.

Маалыматта белгиленгендей, биринчи жер титирөө Мьянманын Сагаинг шаарынан 16 чакырым түндүк-түндүк-батыш тарапта болгон.

“Экинчи катуу жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жеткен Мьянмада Сагаинг шаарына жакын жерде биринчи титирөөдөн 12 мүнөттөн кийин болду.

Жер титирөөнүн очогунда жүздөгөн үйлөр кыйрап, Мандалай шаарында адамдар урандылардын астынан чыгарылып, издөө-куткаруу иштери башталды”,-деп айтылган маалыматта.

Ал эми Таиланддын “Bangkok Post” маалымат агентти билдиргендей, жер титирөө коңшу Таиландда да сезилип, жүздөгөн адамдар имараттарын таштап, Бангкокто көчөгө чыгышкан.

30 Март 2025 жыл 10:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча