Таласта эки жүздөй мечит текшерилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Талас облусундагы эки жүзгө жакын мечит, намазкананы текшерүүгө алганын билдирди.

Жыйынтыгында 192 мечиттин бешөө каттоодон өткөн эмес, 172синин өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербестиги, 107синде санитардык-гигиеналык талаптар сакталбаганы аныкталган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан 29 мечит өткөн эмес.

Мечиттерди текшерүүгө мамлекеттик тийиштүү органдардан атайын топ түзүлүп, жогорудагы кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

Атайын кызмат мындай текшерүүлөр бүт өлкө аймагында жүргүзүлүп, талапка жооп бербеген мечиттер жабыла турганын билдирди. Буга чейин УКМК Ош облусун текшерип, 60тан ашуун мечит, медресенин ишин токтоткон.

25 Август 2023 жыл 14:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча