
Тажикстан парламенти 2-апрелде Кылмыш кодексине электр энергиясын мыйзамсыз пайдаланууга карата жоопкерчиликти күчөтүү боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика жана суу ресурстары министрлигине таянып «Азия Плюс» агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөрдүн долбоорун Адилет министрлиги президент Эмомали Рахмондун тапшырмасынын негизинде даярдаган.
27-мартта өткөн өкмөттүн жыйынында Рахмон электр энергиясын рационалдуу пайдаланбоо жана ашыкча жоготуулар тууралуу тынчсыздануусун билдирген. Ал электр энергиясын мыйзамсыз пайдаланууга жана анын акысын төлөбөгөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну тапшырган.
Адилет министри Музарфар Ашурийоен депутаттарга долбоорду тааныштырып жатып, жарандар электр энергиясынын акысын төлөөдөн качып, эсептегичтерди бурмалоо сыяктуу иш-аракеттерге барып жатканын билдирди.
Кабыл алынган долбоор электр энергиясын колдонуу эрежелерин жана нормаларын бузгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну карайт. Күнөөлүү деп табылгандарга айып пул салуудан тышкары, үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Ал эми чоң кылмышка баргандар 6-10 жылга чейин кесилиши мүмкүн.
«Натыйжада, республика экономикалык жактан чоң зыян тартууда», — деди ал.