
Кыргызстанда биринчи жолу «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча курулуп жаткан социалдык багыттагы таза суу объектилери жана ушул жылга пландалган 100 мектептин курулуштарын аяктоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтта айтылгандай, бүгүн, 7-июнь күнү алгачкы ирээт Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча курулуп жаткан социалдык багыттагы таза суу объектилерин жана Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен куруу иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалган 100 мектепте курулуш жүргүзүп жаткан подрядчы уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Жыйында азыркы учурдагы абал, курулуш иштеринин жүрүүсү, көйгөйлөр жана чечүү жолдору талкууланды.