Соцтармактарда бир таксисттин
видеосу тарады, анда ал уурулар менен алдамчыларга тамаша-чыны аралаш кайрылуу жасаган. Ал өзүнүн башынан өткөн окуяны айтып берип, жок дегенде Орозо айында андай иштерди токтотууну өтүнгөн.
Айтымында, ал кардарларды ташып жүрүп, бир аз чогулткан акчасын уурдатып алган. «Эми орозонун күнүндө уурулар менен алдамчылар бир аз дем алып тургула, 11 ай иштеп, 1 ай дем алгыла”,-деп жумшак тамаша менен нааразычылыгын билдирген.
Бул видео көпчүлүктүн көңүлүн буруп,
колдонуучулар анын сөздөрүнө жылмая жооп берип, «ушундай маселени да юмор менен айта билген мыкты киши экен», деп комментарий калтырышууда. Кээ бирлери болсо, уурулар менен алдамчылар ыйык айда деле токтобогонуна баш чайкап, ойго салышкан.