Күн мурун Ысык-Көлдө күн электр станциясын куруу боюнча кошумча макулдашууга кол коюлду. Бул туралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон билдиришкендей, инвестициялык макулдашуу министрлер кабинети, Sonningdale Limited жана «РЭЦА» ЖЧКсынын ортосунда түзүлдү.
Иш-чара энергетика министри Таалайбек Ибраев, инвестордун өкүлдөрүнүн жана «РЭЦА» компаниясынын жетекчилигинин катышуусунда өттү.
Кошумча макулдашууга кол коюу Ысык-Көл районунда күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп саналат.
Документ — баштапкы инвестициялык макулдашуунун айрым жоболорун, анын ичинде тараптардын жоопкерчилигинин шарттарын, туруктуулуктун кепилдиктерин, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жөнгө салуу тартибин жана колдонуудагы укукту өзгөртүүнү тактоого жана өркүндөтүүгө багытталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар өлкөнүн кайра жаралуучу энергетика тармагын өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу үчүн анын стратегиялык маанисин баса белгилөө менен долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга өз милдеттенмелерин ырасташты.
Кошумча макулдашуу ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирди жана колдонуудагы Инвестициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Маалымат үчүн: Азыркы учурда жумушчулар үчүн убактылуу турак-жай куруу иштери аяктоодо, подстанциянын пайдубалы жана 110 кВ электр берүү линиясы куюлууда, ошондой эле күн панелдери үчүн кронштейндер орнотулууда.