Өзбекстанда мечитте жарылуу болуп, үч адам каза болду. Дагы 10 киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, окуя дүйшөмбү күнү түшкө маал Анжияндын Избаскан районундагы мечитте болгон. Адегенде алты адам жабыркаганы, кийин алардын саны онго жеткени кабарланды.
Алдын ала маалыматта жардырууга даарат алган жайдагы газ себеп болгону айтылды. Натыйжада мечит жарым-жартылай кыйрап, анын чатыры жана дубалдарына зыян келтирилди.