1-класска кабыл алуу уланууда

Балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы уланууда. 

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул этапта ата-энелер жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектепти тандап, баласын каттай алышат.

Маалыматка ылайык, электрондук каттоонун экинчи этабында 121 миңден ашуун бала катталды. Ал эми жалпысынан 193 миң 318 квота ачылган. 

Өтүнмөлөрдү 1mektep.edu.gov.kg сайтынан, «Түндүк», MegaPay жана башка банк тиркемелеринен жиберүүгө болот. 

Белгилей кетсек, быйыл 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынууда.

13 Июль 2026 жыл 18:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча