100 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин оорукананын босогосуна жаткырып коюшкан

100 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин Сузак райондук ооруканасынын коридоруна жаткырып коюшкан. Бул тууралуу Сузактын жергиликтүү кеңешинин депутаты Юлия Лилиенталь жазды.

Депутат бул көрүнүштүн сүрөтү менен бөлүшүп, өлкө башчы Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана Башкы прокуратурага кайрылды.

13 Декабрь 2023 жыл 10:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча