11 айда «Альянс Алтын» компаниясы мамлекетке 13 млрд сом салык төлөдү

«Альянс Алтын» компаниясы 2025-жылдын 11 айында 13 млрд 90 млн 694 миң 167 сом салык төлөдү. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Белгиленгендей, компания 2015-жылдан тартып 2025-жылдын ноябрь айынын аягына чейин жалпы 37 млрд 352 млн 900 миң 331 сом төлөгөн.

Ошондой эле жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө 2021-жылдын апрель айынан 2025-жылдын ноябрь айына чейин жалпысынан 2 млрд 463 млн 707 миң 851 сом төлөндү.

Бул каражаттар жергиликтүү фонддорго төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлдү:

  • Талас облусун өнүктүрүү фондуна (50 пайыз) — 1 млрд 231 млн 853 миң 926 сом;
  • Талас районун өнүктүрүү фондуна (30 пайыз) — 739 млн 112 миң 355 сом;
  • Шумкар-Уя айыл аймагын өнүктүрүү фондуна (20 пайыз) — 492 млн 741 миң 570 сом.

Белгилей кетсек, бүгүн IV Элдик курултайдын жүрүшүндө делегаттардын бири «Альянс Алтын» компаниясын мамлекетке алуу маселесин көтөргөн. Бирок, президент Садыр Жапаров бул мүмкүн эмес экенин айткан.

26 Декабрь 2025 жыл 15:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча