12 жылдык билим берүү. 1-2-5-7-класстар жаңы программалар менен окутулууда

Быйылкы окуу жылында 12 жылдык билим берүүнүн алкагында 1-2-5-7-класстар жаңы программалар менен өз окууларын башташты. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, билим берүү стандарттары, окуу программалары жаңыланып, Кыргыз билим берүү академиясынын сайтына жайгаштырылган.

“Сайтка биздин педагогдор, ата-энелер, эксперттер, практик мугалимдер кирип электрондук керектүү материалдарды алып жатышат. Дароо жаңы стандарт, жаңы программа болгон соң, мугалимдерди кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча онлайн, офлайн гибриддик форматта мугалимдерибиз ар кандай окуулардан өтүшүүдө. Ошондой эле директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басарлары да атайын чоң окутуулардан өтүштү”,- деди Жусупбекова.

Учурда мектепке даярдык көрүү этабы аяктап, билим берүү системасынын улуттук моделинин биринчи кадамдары башталгандыгын агартуу министринин орун басары маалымдады.

“Дүйнөлүк практика менен Кыргызстандын жетишкендиктерин карап биринчи кадам катары билим берүүнүн мазмуну жаңыланды. Мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, жогорку кесиптик билим берүүдөгү тиешелүү предметтик стандарттар, окуу программалары жаңыланды”,-деди ал.

Белгилей кетсек, “Кабар” маалымат агенттигинин ютуб жана фейсбук баракчаларында “Элден собол” түз эфирдеги берүүсүндө агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова “Билим берүү тармагындагы реформа: мектептеги көйгөйлөр” темасынын алкагында суроолорго жооп берүүдө.

10 Сентябрь 2025 жыл 14:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча