Оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечиминин мыйзамдуулугун кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу жазылган. Бул тууралуу аталган фракциядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык соту апелляциялык даттанууну 2023-жылдын 13-сентябрында саат 15:00дө карайт.
Буга чейин Мадумаровду күч органдары кармап, кийин 2 айга камалган.