13 жаштагы бала асынган абалда табылды. Туугандары шектелүүдө

ϴзгөн районун Кызыл-Октябрь айылында 13 жашар бала үйүнүн короосунда асынып турган абалда табылган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Аймактык милиция Кылмыш жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен  иш козгоду.

Кылмышка өспүрүм туугандары шектелип, кармалды.

Ош облустук психиатрия жана наркология берген маалыматында,  шектүүлөр аларда каттоодон турушкан.

31 Май 2024 жыл 14:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча