2 ай ичинде кызамык сегиз баланын өмүрүн алды

Президенттик администрацияда кызамык боюнча кырдаал талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Жыйында Саламаттык сактоо министрлигине эпидемиянын очокторун жоюу боюнча иштөө жана аймактарды вакцина менен камсыздоо тапшырылган.

«Өлкө боюнча кызамык оорусу катталып, өтө кооптуу кырдаал түзүлүүдө. Өткөн жылы 6 өлүм катталса, ушул жылдын январь жана февраль айларында эле бул илдет сегиз баланын өмүрүн алды. Балдардын баарын эмдөө боюнча иштерди күчөтүү керек», — деди минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов.

Жыйындын соңунда калк арасында маалыматтык иштерди күчөтүү жана кызамыктын жайылышын алдын алуу боюнча тапшырмалар берилгени кошумчаланды.

18 Март 2025 жыл 15:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча