23-февраль — иш күнү, 8-март жана Ноорузда эс алуу күнү жылдырылбайт

23-февраль — майрамдык статусуна карабастан, иш күнү деп белгиленди.

Эске салсак, 2025-жылы кабыл алынган Эмгек кодексине ылайык, Ата Мекенди коргоочулардын күнү майрамдык күндөрдүн тизмесине киргизилген. Бирок, бул күнү кошумча эс алуу каралган эмес.

Ошондой эле быйыл 8-март — Аялдардын эл аралык күнү жекшембиге туура келип, бирок 9-март эс алуу күнү болбойт. Мыйзамга ылайык, мындан ары майрам күндөрү ишемби же жекшембиге туш келсе, алар башка күнгө жылдырылбайт.

Быйыл Нооруз майрамы да ишембиге туура келүүдө. Бирок, ага карата кошумча эс алуу күнү болбойт. Атап айтканда, башка күнгө жылдырылбайт.

Ошол эле учурда март айында Орозо айт майрамына байланыштуу бир кошумча эс алуу күнү күтүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал 19-мартка же 20-мартка туура келиши мүмкүн. Так датасы ай календарына ылайык кийинчерээк аныкталат.

23 Февраль 2026 жыл 9:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча