3 гектар жер тилкенин ээси өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарды

Баткен облусунда жалпы аянты 3 гектар жер тилкенин ээси өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарындагы бул жер тилкеси 2018-жылы мыйзамдарды бузуу жолу менен мамлекеттин балансынан жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен азыркы менчик ээси өз ыктыяры менен жалпы аянты 3 гектар болгон жер тилкесин Баткен шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.

УКМК мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен мамлекеттик объектилерди мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган иштерди улантууда.

4 Февраль 2025 жыл 11:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча