6-кичи районундагы пиццерия буздурулууда

Бишкек шаарынын 6-кичи районунда, Юнусалиев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук пиццерия тамактануучу жайы демонтаждалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, объект суу коргоо аймагында жайгашкандыктан, мурда түзүлгөн ижара келишими жокко чыгарылган.

Мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан объекттин ээсине муниципалдык аймакты бошотуу талабы менен кат жөнөтүлгөн.

Натыйжада объекттин ээлери курулушту ыктыярдуу түрдө демонтаждоо чечимин кабыл алышкан. Учурда конструкцияны бузуу жана аймакты бошотуу иштери жүргүзүлүүдө.

10 Март 2026 жыл 17:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча