Абу-Дабиден Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат

2023-жылдын 1-июнунан тарта Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багыты боюнча эки өлкөнүн борборун бириктирген үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэрпорту билдирет.

Маалыматка ылайык, «Манас» аэропортунан Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна үзгүлтүксүз каттамдар биринчи жолу аткарылмакчы.

Каттамдар Airbus Neo 321 учактары менен жумасына 3 жолу — шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

25 Май 2023 жыл 21:04

Тема боюнча