Айаал Лазарев Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт.

Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 125 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.

Балбан 9-августта 1/8 финалдык баскычтан баштап, дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган Ирандын спортчусунан утулуп калган. Финалга Ирандын спортчусу чыгып, Лазарев коло медаль үчүн жубатуучу мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алган.

10-августта ал канадалык Амарвир Дхеси менен беттешип, аны тушеге басып, женип алды.

Эми Лазарев коло медаль үчүн күрөшөт, анын атаандашы 2016-жылдагы Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн эки жолку жана Европанын он жолку чемпиону түркиялык Таха Акгүл болмокчу.

10 Август 2024 жыл 16:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча