Айбек Конокбаев: “Альянс Алтын” элдин жашоо шартын жакшыртууга жана өлкө экономикасына чоң салымын кошуп жатат

Бүгүн «Күндүн кызматкери» түрмөнүн каарманы Айбек Конокбаев тууралуу сөз болмокчу.

Каарман 2019-жылдан бери “Альянс Алтын” компаниясынын алтын ылгоочу фабрикасында эмгектенип келет. Айбек Конокбаев жумушка алынардан мурда компания тарабынан Казакстанга окууга жөнөтүлүп, практикадан өткөн.

“Жумушубуз эртең менен саат 07:00дон кечки саат 19:00го чейин уланат. Нөөмөткө киришкенден кийин эки саат сайын анализдерди карап турабыз. Негизги милдетибиз — бизге келген кенди 38 микронго чейин майдалап, кийинки этапка өткөрүп берүү жана техника тетиктерине көз салуу. 38 микрон биз күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн ундан да майда болуп эсептелинет. Техника бардыгы автоматташтырылгандыктан жумуш анча кыйын эмес”, — дейт Айбек Конокбаев.

Анын айтымында, компанияда иштеп баштагандан тарта көз карашы өзгөрүп, жаңы умтулуулар жана көптөгөн өзгөрүүлөр болду.

Ал “Альянс Алтын” компаниясы жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жакшыртууга жана мамлекетибиздин экономикасына чоң салымын кошуп жатканын билдирди.

13 Сентябрь 2023 жыл 17:08

Тема боюнча