Айпери Медет кызы жылдын мыкты спортчу айымы деп табылды

Дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы жылдын мыкты спортчу айымы деп табылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жарыялады.

Анда белгиленгендей, агенттик 2025-жылдын мыкты спортчуларын аныктаган. Ага ылайык спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча номинациялардын жеңүүчүлөрүнүн катарында — жылдын мыкты спортчу айымы наамы — Айпери Медет кызына ыйгарылды.

Ошондой эле, бул жыйынтыктоочу иш-чарада башка номинациялар боюнча дагы бир катар спортчулар мыкты деп аныкталышты.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы быйыл дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлеп, Азия чемпионатында жана Албанияда өткөн рейтингдик турнирде күмүш медалды багындырган.

29 Декабрь 2025 жыл 16:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча