
Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны азайтуу ишинин алкагында айрым мамлекеттик мекемелерди жоюу пландалууда. Бирок, сөз кайсы мамлекеттик органдар тууралуу болуп жатканы так айтылган жок.
Бул тууралуу юстиция министри, Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институттун директору Аяз Баетов 25-мартта “Ынтымак ордодо” өткөн брифингде айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
26-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген атайын комиссиянын отурумунда 45ке жакын чечим, анын ичинде 30га жакын жаңы мыйзам долбоору сунушталат деп күтүлүүдө.