Айыл чарба министрлиги: Казакстандын суу боюнча Кыргызстанга дооматы жок

Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында казакстандык кесиптештер менен болгон акыркы сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди.

Анын айтымында,Киров суу сактагычынан суу берүү токтотулгандан кийин казак тараптын Кыргызстанга эч кандай дооматы жок, бул кечээ телефон аркылуу эки тараптуу сүйлөшүүдө тастыкталды

«Балким казак тарапка дыйкандар, ЖМК тараптан басым жасалып, алар дароо маалымат бере албаган болушу мүмкүн. Бирок расмий булактарда алардын дооматтары тууралуу сөз болгонун көргөн жокмун. Биринчи жолу алар маалымат беришкенде август айында аларга 45 млн кубометр керек экенин айтышкан. Бирок ошол билдирүүдө мындай көлөм жок экенин жазып, үтүр коюш керек болчу. Балким, бул үтүр маалымат каражаттары тарабынан түшүрүлүп калгандыр. Алар бизге телефон чалган жок, расмий кат да жөнөтүшкөн жок – биз эч кандай даттанууларды уккан жокпуз», — деди Сокеев.

23 Август 2023 жыл 14:42

Тема боюнча