Ак-Босого конушуна сквер курууга конкурс жарыяланды

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушуна сквер курууга конкурс жарыялады.
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, жер тилкенин аянты 2,161 гектар, ал Биринчи май районуна караштуу Ак-Босого конушунун Чүй көчөсү, 52 дарегинде жайгашкан.

Долбоордо тротуар, веложол, балдар аянтчасы, волейбол, баскетбол аянтчасы, мини футбол талаасы, скейтпарк жана велосипедчилер үчүн пандус, көрүүчүлөр трибунасы, унаа токтотуучу жайлар каралган.
Сквер куруунун сметалык наркы 101 миллион 393 миң сом. Бирок 2023-жылга 6 миллион сом каралган. Мындан улам мэрия ишкерлерди конкурска катышууга чакырды. Шарты тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.

4 Октябрь 2023 жыл 9:12

Тема боюнча