Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда жаңы бала бакча салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 233 млн сомду түздү.
Долбоор боюнча бала бакча 280 орунга ылайыкталган.
Бала бакчада азык-түлүк сактоочу кампасы менен ашкана, ойноо жана уктоочу, тарбиялык сааттарды өткөрүүчү бөлмөлөр, кабылдама жана дарыгердин бөлмөсү жайгашкан.
Мындан тышкары, балдардын коопсуздугу эске алынып, имараттын сыртында заманбап оюн аянтчалары уюштурулган.
Бүгүнкү күндө бала бакчанын имаратында тазалоо жана эмеректерди жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө