Ак-Тилек кичирайонунда эки көчөгө асфальт төшөлдү

Ош шаарындагы Ак-Тилек кичирайонунда №32 жана №22 көчөлөр асфальтталып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ачылыш аземине шаары мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, аталган көчөнүн жашоочулары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, жасалган жумуштар менен таанышып, жеринен көрүп чыгышты.

Эске салсак буга чейин да Ак тилекте үч көчөнү бириктирген, үч көпүрө салынып, жолу толук асфальтталып пайдаланууга берилген.

15 Июль 2025 жыл 13:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча