АКШда кыргызстандыктар митингге чыгышты

АКШнын Вашингтон шаарында кыргызстандыктар Кыргызстандын элчилигинин алдына митингге чыгышты. Бул туурасында Kaktus.media сайтына Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан билдирген.

Айтымында, акцияга чыккан 20дан ашык адам Кыргызстандагы саясий туткундарды, анын ичинде Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды бошотууну талап кылышкан. Алар учурда абакта жаткан активисттердин сүрөттөрүн жана аларды бошотуу талабы жазылган плакаттары менен чыгышкан.

Айдар Раев аттуу колдонуучу X социалдык тармактагы баракчасына митингчилер талаптарын Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев аркылуу жеткирүүнү каалашкан. Алар элчиликтин имаратына киришкен, бирок элчи митингчилердин айтымында, дипломатсыздыгын көрсөткөн. Ошондой эле мекендештерден акцияны токтотууну жана элчиликтин жанынан кетүүнү талап кылган.

26 Октябрь 2023 жыл 10:40

Тема боюнча