АКШнын «F-35» согуштук учагы Аляска штатында кулады. Бул тууралуу , «Аnchorage Daily News» басылмасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, күтүлбөгөн кырдаал жаралганда учкуч абалды баалоо менен учакты Эйлсон аскер аба базасынын учуу-конуу тилкесине багыттаган. Жыйынтыгында учак конуу учурунда кулаган.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн маалымат кызматы учкуч аман-эсен экендигин, ал дарылануу үчүн аскер госпиталына жеткирилгенин билдирди.
Аба базасынын командачылыгы кырсыктын себептерин аныктоо жана келечекте мындай окуялардын алдын алуу үчүн иликтөө баштаган.
«F-35» — бешинчи муундагы ылдам согуштук учагы. Бир учактын баасы 81 млн долларга бааланат.