Аламүдүн районунда жол боюндагы тейлөө жана соода объектилерин инвентаризациялоонун алкагында бир катар мыйзамсыз объекттер аныкталды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, атайын түзүлгөн комиссия жол жээгиндеги курулуштардын долбоордук документтерин текшерген.
Жыйынтыгында 46 объект «кызыл сызыктын» чегинен чыгып кеткени белгилүү болду. Анын ичинен:
Азыркы тапта комиссия тарабынан Ленин, Байтик, Кашка-Суу, Таш-Дөбө, Арашан, Таш-Мойнок жана Беш-Күңгөй айылдарында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кемчиликтерди жоюу жана жол жээктерин тазалоо боюнча тиешелүү эскертүүлөр берилип, чаралар көрүлө баштады.