Алийма Ташиева атындагы төрөт үйүндө алгачкы наристелер дүйнөгө келишти

Баатыр Эне «Алийма Ташиева» атындагы Эне жана Баланы коргоо борборундагы төрөт үйүндө алгачкы наристелер дүйнөгө келишти. Биринчи төрөлгөн наристе Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургундары Рустамовдордун үй бүлөсүнө кубаныч тартуулады. Ата-энеси наристеге генерал Камчыбек Ташиевдей уул болсун деген аруу тилек менен Камчыбек деп ысым ыйгарышканын билдиришти.

Ал эми экинчи төрөлгөн наристе Сузак районунун Көк-Арт айылынын тургундары Айтбаевдердин үй бүлөсүнөн болуп, ага Камчыбек Кыдыршаевичтин урматына Кыдырша деп ысым ыйгарышканын маалымдашты.

Дарыгерлер эки нарситенин да алардын энелеринин да саламаттыгы жакшы экенидгин билдиришти. Эне балдар адистердин көзөмөлүндө.
Эскерте кетсек, Баатыр Эне Алийма Ташиева атындагы Эне жана Баланы коргоо борборун Ташиевдердин үй бүлөсү өз каражатына куруп, мамлекетке өтөрүп берген.

Медицианлык борбордун ачылыш аземне 13-май күнү Президент Садыр Жапаров жана генерал Камчыбек Ташиев катышкан.

15 Май 2025 жыл 14:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча