“Альянс Алтын” Таласта «Улуттук тазалык күнүнө» каржылык колдоо көрсөттү

2023-жылдын 16-сентябрында өлкө боюнча республикалык деңгээлдеги ишембилик өткөрүлдү.

Талас облусунун тургундары республикалык деңгээлдеги ишембиликке активдүү катышты. Төрт миңден ашуун облус тургуну Талас токоюн, жол жээктерин, эл көп барган жайлардын таштандыларын тазалашты. Тазалыкты камсыздоого мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын, компаниялардын, коомдук уюмдардын, фонддордун кызматкерлери салым кошушту.
Талас облусундагы «Улуттук тазалык күнүнө» карата өткөрүлгөн тазалоо иш чарасы ушул жылдын июнь айында Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан уюштурулган экология боюнча тегерек столдо демилгеленген. Бул тууралуу ишембиликке катышкан Талас облусунун башчысы Нурлан Дарданов айтты: «Бүгүн, облусубуздун баардык жеринде Талды-Булак айылынан тартып, Манас районуна чейин тазалоо иш-чарасы жүрүп жатат. Мындай ишембилик өткөрүү эки ай мурун пландалган.

Бул иш-чарага “Альянс Алтын” компаниясы колдоо көрсөтүп, катышуучуларга кол кап, таштанды чыгарылуучу каражаттар жана бүгүн иштеген техникаларды күйүүчү май менен камсыздоого жардам кылышты. Мындай колдоосу үчүн «Альянс Алтын» компаниясына ыраазычылыгыбызды билдиребиз” -, деди облус башчысы.

Ишембиликте Талас шаарынан эле алты тоннадан ашык таштанды чыгарылды жана төрт райондо дагы бир топ таштанды тазаланганын катышуучулар билдиришти.

18 Сентябрь 2023 жыл 14:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча