Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Беларустун Жогорку лигасында ойногон гродненскилик «Неман» футболдук клубу менен 1,5 жылга келишим түздү.
Аталган клубда кыргызстандык футболчу Алимардон Шукуров дагы ойнойт.
«Неман» учурда Конференция лигасынын квалификациясынын үчүнчү раундунда.