Amazon 600 миңден ашуун кызматкерин жасалма интеллектке алмаштырды

Amazon 600 миңден ашуун кызматкерин жасалма интеллект жана робототехникага алмаштырды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, электрондук коммерция гиганты 2033-жылга чейин АКШдагы жумушчу күчүн көбөйтпөстөн, продукциянын көлөмүн эки эсеге чейин арттырууну көздөөдө.

2026-жылдын аягына чейин болжол менен 40 бөлүштүрүүчү кампа автоматташтырылат. Бул жаңылануулар жыл сайын компанияга 4 миллиард долларга чейин үнөм алып келиши мүмкүн.

24 Октябрь 2025 жыл 16:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча