Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги реформанын алкагында 96 кызматкер кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев билдирди.
Ал депутат Элвира Сурабалдиеванын УКМКны таза эмес иштеген кызматкерлерден тазалоо иштери жүрүп жатабы же аяктадыбы деген суроосуна ушундай жооп берди.
Анын айтымында, мамлекеттик комитетте түзүмдүк жана тутумдук өзгөрүүлөр уланууда.
«Учурда 96 кызматкер жумуштан четтетилди, дагы 24 кызматкерге карата кылмыш иши козголду. Өзүбүз козгогон башка иштер дагы бар», — деп белгиледи Алишер Эрбаев.
Депутат өлкө жарандары УКМКнын ишиндеги позитивдүү өзгөрүүлөрдү күтүп жатышканын белгиледи. «Бизге мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин иш-аракеттерине нааразы болгон көптөгөн арыз-даттануулар түшүүдө жана эл ага карата реакция жасалышын күтүп жатат», — деди Элвира Сурабалдиева.
Алишер Эрбаев кошумчалагандай, Башкы прокуратурага 386 арыз түшкөн жана учурда алар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.