Кегети капчыгайында унаа сууга түшүп, эки бала агып кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 23-июнда Чүй районундагы Кегети капчыгайында жеңил унаа сууга түшүп кеткен. Унаанын ичинде болгон эки жаш бала Кегети суусуна агып кеткен.
Жерине издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 25 куткаруучу тартылды.
Изделип жаткан 2014-жылы туулган М.У. аттуу өспүрүм кыздын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген. Ал эми 2020-жылы туулган М.У. аттуу баланы издөө иштери уланууда.
Кошумча маалымат берилет