Кочкордо 217 батирлүү ипотекалык үйлөр курулуп жатат

 Кочкордо 217 батирлүү ипотекалык үйлөр курулуп жатат.

Бүгүн президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп батирлүү турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына аянты 2 гектар жер тилкесинде беш кабаттуу 8 блоктон турган турак жай комплексинин курулушу уланып жатканы тууралуу маалымдалды. Жалпы 217 батирден турат. Бүгүнкү күнгө карата курулуш иштери 80%га аяктады.

Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүн сактоо жана жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасын берди.

23 Июнь 2026 жыл 17:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча