Армиядагы «чоңсунууга» айыпталган аскер кызматкерлери соттолду

Тажикстанда Жогорку соттун Аскердик коллегиясы армияга жаңы чакырылган жоокерлерди сабоого айыпталган жети аскер кызматкерине жана бир офицерге карата өкүм чыгарды.

Бийлик өкүмдүн чоо-жайы боюнча кеңири маалымат берген жок. Жогорку соттун Аскердик коллегиясынан өкүм мыйзамдуу күчүнө кире электигин айтып, бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

«Озоди» радиосу өз булактарына таянып, сержанттардын бири Жонибек Косимов 9,5 жылга, подполковник Нузхат Лазуриев 11,5 жылга соттолгонун кабарлады. Алар «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

Мындан тышкары сот дагы алты жоокерди «Аскер кызматкерлеринин ортосундагы уставдык эрежелерди бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 9,5 жылдан 11,5 жылга чейинки мөөнөттөргө кести.

«Озоди» радиосунун кабарчылары аскер кызматкерлеринин соттолушу боюнча алардын жакындарынан жана адвокаттарынан маалымат ала алган эмес. Азырынча соттолгон офицерлер менен жоокерлер тагылган айыптарды моюндарына алган-албаганы белгисиз.

24-апрелде интернетке жаш жоокерлерди башка аскер кызматкерлери катуу сабап жатканы тартылган видео жарыяланган. Анда аскер кийимчен адамдар казармада тизилген жоокерлерди башка-көзгө койгулап, таяк менен сабап жатканын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, бул видео 2022-жылдын аягында Тажикстандагы аскердик бөлүктөрдүн биринде тартылган.

Тажик өкмөтүнүн БУУнун Адам укуктары комитетине жөнөткөн баяндамасында 2019-2021-жылдары өлкөдө 100дөн ашуун жоокер армиядагы «чоңсунуудан» улам каза тапканы айтылган.

1 Июнь 2023 жыл 9:18

Тема боюнча