Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматында фермерлер үчүн асыл тукум чарбаларын жана жасалма уруктандыруу пункттарын каттоо жана эсепке алуу боюнча бирдиктүү система иштелип чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган система асыл тукум мал чарбалардын макамын ыйгаруу, ырастоо жана өзгөртүү боюнча онлайн-арыздарды кабыл алууга, ошондой эле тиешелүү электрондук сертификаттарды берүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, асыл тукум мал чарбаларды баалоо функцияларын аткаруу боюнча бизнес процесстер автоматташтырылып, оптималдаштырылат.
Системанын алкагында асыл тукум мал чарбалардын жана жасалма уруктандыруу пункттарынын бирдиктүү электрондук реестри жүргүзүлөт. Бул маалыматтардын тактыгын, актуалдуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга шарт түзөт.
Ошондой эле автоматташтырылган маалыматтык система республикада багылып жаткан жаныбарлардын продуктивдүү сапаттарын жогорулатууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууга көмөктөшөт. Тактап айтканда, жасалма уруктандыруу пункттарынын кызматтарына жана ар кандай продуктивдүүлүк багытындагы жаныбарлардын асыл тукум уруктарына жеткиликтүүлүк кеңеет