Аялдардын жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча бир айлык жарыяланды

Аялдардын ден соолугуна кам көрүү максатында Кыргызстанда бир айлык жарыяланды. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бир айлык 17-ноябрдан 12-декабрга чейин созулмакчы.

Анын алкагында Бишкекте аялдардын жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча жыйын өттү. Иш-чаранын максаты — аталган оорунун алдын алуу боюнча калкка маалымат жеткирүү болуп саналат. Ага саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, дарыгерлер жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Иш-чарада адистер аталган дартты азайтуудагы жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, төмөнкү максаттар алдыга коюлду:

-15 жашка чейинки кыздарды 90 %га чейин АПВга каршы эмдөөдөн өткөрүү;
— 35 жаштагы аялдарды 70%га чейин скрингден өткөрүп, ооруну эрте аныктоо жана бул текшерүүнү 45 жашында кайталап жүргүзүү;
— 90% дарт аныктаган аялдарды көзөмөлгө алып, эрте дарылоону баштоо.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагы менен 15-44 жаштагы аялдардын басымдуусу жабыркайт.

Аталган оорунун алдын алуу үчүн адамдын папилома вирусуна каршы эмдөөдөн өтүү керек. Адистер илдеттен толук айыгуу үчүн эрте диагностикадан өтүү керектигин эскертишет.

22 Ноябрь 2023 жыл 16:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча